Кыргызстанда даражалуу орусиялык стипендиянын ээлери белгилүү болду

  24.04.13   08:27
 317

"Евразия изилдөө институту" Орусиялык өнүктүрүү фонду, Кыргызстандын жогорку окуу жайларында окуган студенттер арасында даражалуу орусиялык стипендияга ээ болгондордун ысымдарын ачыкка чыгарды.

Мелдештин уюштуруучуларынын айтымында, стипендия үчүн өлкөдөгү жогорку окуу жайларынын студенттери ат салышкан. Анда мыкты окуган студенттерден 200дөн ашык арыз келип түшкөн. Талапкерлер жогорку жетишкендиктери менен гана эмес, өлкөнүн жана өздөрү билим алган окуу жайдын коомдук иштеринде активдүүлүгүн көрсөтө алышы керек эле.

Жыйынтыгында, болгону мыкты делген 30 студент стипендия алуу укугуна ээ болушту. Алар 5 ай бою 4 700 сомдон алып турушмакчы.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223076

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.