Бельянинов Орусияга баруу үчүн паспорт даярдоо долбоору тууралуу айтты

  24.04.13   09:15
 501

КР премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиевдин Орусияга болгон иш сапарынын алкагында соода-экономикалык, илим-техникалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын XV жыйыны болду.

Жыйындын жыйынтыгында КР өкмөт башчысы менен Орусиянын федералдык бажы кызматынын жетекчиси Андрей Бельянинов журналисттерге билдирүү жасашты.

Бельянинов орус тарап Кыргызстанга жардам берүү боюнча сунуш айтканын билдирди. Анын ичинде чет жакка чыгуу үчүн берилген паспорт бланкаларын даярдоо үчүн финансылык жана техникалык жардам берүү боюнча сунуш да бар. Мындай ыкма менен Орусияга канча Кыргызстандын жараны кетип атканын да билүүгө мүмкүн болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223078

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.