Бүгүн Бишкектин бир бөлүгүндө жана Чүй облусунда электр жарыгы өчөт

  24.04.13   09:34
 261

Бүгүн саат 9-00дөн 17-00гө чейин борбордогу Ат-Башы, Кудрук, Үч-Курган көчөлөрүнүн барчасында; Жыргалаң, Түп кичи көчөлөрүндө; чектелген көчөлөрдүн төрт чарчысы Турусбеков, Үмөталиев, Рыскулов, Чүй проспектисинде; Тоголок Молдо көчөсүнөн тарта Шоринден Ташкент көчөсүнө дейре, Сергей Лазло көчөсүнүн барчаларында; Хопер, Скандинавск кичи көчөсүндө; "Шоро" заводунун районунда, Бакинский көчөсүндөгү Ат-спорт мектебинин тегерегиндеги райондо электр энергия өчүрүлөт. Бул тууралуу "Түндүк электр" ААКтын басмасөз кызматы билдирди.

Ошондой эле убакта Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылынын бир бөлүгүндөгү (Фрунзе, Ленин, Южная, Дружбы көчөлөрүндө), Жайыл районундагы Алексеевка, Жайыл, Эриктүү айылдарында электр жарыгы өчөт. Аталган аймактардагы электр энергиянын үзгүлтүккө учурашынын себеби, Бишкектеги ГЭС-3 тараган 6 кВ электр зымдарындагы, №№744, 295,128, 199 трансформаторлорундагы, №34 тараган 0,4 кВ электр зымдарындагы, ал эми Жайыл жана Сокулук райондорундагы "Алексеевка", "Военно-Антоновка" көмөкчордондорунан тараган 10 кВ электр зымдарындагы оңдоо иштерине байланыштуу.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223079

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.