Мас абалындагы аял-күйөөсү 4 айлык кызын көчөдөн жоготуп ийишкен

  24.04.13   10:24
 345

Кара-Суу районунда жоголгон 4 айлык кыз бир суткадан кийин гана табылды. Бул тууралуу ИИМдин кызматкерлери билдирди.

Ымыркайдын ата-энеси мас абалында болгондуктан 2013-жылы төрөлгөн кызын жоготуп ийишкен. Алар Кара-Суу РИИБге түнкү саат 3төрдө кайрылып, кызын таап берүүсүн суранышкан.

РИИБдин кызматкерлери аймакты толугу менен текшерип, ымыркайды табышкан эмес. 27 жаштагы аялы жана 36 жаштагы күйөөсү кызын кайда таштаганын так айта алышкан эмес.

Эртеси РИИБке кемпир чалып, анын жакын тууганы түндө дүкөндүн жанынан ымыркайды таап алганын айткан. Тартип сакчылары ымыркай кызды ата-энесине тапшырышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223082

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.