Суусамыр ашуусунда катталган жол кырсыгынан 4 адам каза болду

  24.04.13   10:28
 335

Суусамыр ашуусунда ири жол кырсыгы катталып, 4 адам каза болду. Бул тууралуу Чүй ИИББдин басмасөз кызматы билдирди.

Аталган жол кырсыгы 22-апрель күнү болгон. Кырсык болгон жерге келген Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн ыкчам иликтөө тобу болжол менен түнкү саат 21-30лер чамасында "Мерседес-Бенц Е420" машинасынын 31 жаштагы айдоочусу Бишкек-Ош жолунун 200 чакырымында рулду башкара албай, жол жээгине чыгып ала салып кеткенин аныкташкан

Жол кырсыгынын кесепетинен айдоочу, анын 23 жаштагы аялы жана 3 жаштагы эки баласы алган жаракатынан улам каза болгон. Ал эми машинанын ичиндеги 34 жаштагы эркек киши, 4 жаштагы кыз жана 30 жаштагы аял түрдүү жаракат алгандыктан ооруканага жеткирилген.

Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себеби такталууда.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223084

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.