Реабилитациялык борборлордо жаткан балдар менен студенттер жолугушат

  24.04.13   10:14
 235

Апрель айынан баштап, июнь айына чейин шаардык ЖОЖдордун 23 студентин камкордук системасында балдар менен иштешүүнү үйрөтүшөт. Бул долбоордун демилгечиси болуп, Жусуп Баласагын атындагы КУУнун Гуманитардык-социалдык илимдер институтунун экинчи курсунун студент кызы Асел Кубанычбекова чыкты. "Сен жана мен - өлкөнүн келечеги" долбоорунун идеясы "Сорос-Кыргызстан" жаштар фонду аркылуу "Жаштар демилгеси" программасынын каржылоосу менен атайын жаштар үчүн индивидуалдуу мини-гранттар сынагында жеңип чыккан.

Долбоор Бишкектин реабилитация борборлорунда жашаган балдардын турмушун жакшы жакка өзгөртүүгө багытталган.

"Бул демилге кичине балдарга жана студенттерге жашоонун кыйынчылыктарын биргелешип жеңип чыгууга үйрөтөт", - деп долбоордун координатору Кубанычбекова билдирди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223085

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.