Футбол: Өспүрүмдөрдүн курамасы Түркмөнстан менен тең чыкты

  24.04.13   10:32
 273

14 жашка чейинки оюнчулардын куралган Кыргызстандын курама командасы футбол боюнча Азия чемпионатынын тандоо турунун биринчи оюнунда атаандашы менен тең чыкты.

Футбол боюнча Азия конфедерациясынын расмий сайтында маалымдалгандай, кыргызстандыктар биринчи оюнда Түркмөнстандын курама командасы менен беттешкен. Эсепти 12- мүнөттө Түркмөнстандын оюнчулары ачкан. Кыргызстандык оюнчу Азирет Момошев 21 мүнөттө атаандашынын дарбазасына гол киргизген.

Ошентип, матч 1:1 эсебинде аяктаган. Кийинки оюнду кыргызстандыктар бүгүн, 24-апрелде, Индиянын курама командасы менен ойношот.

Белгилей кетсек, кечээ Мешхед (Иран) шаарында D тобу боюнча Азия чемпионатынын тандоо туру башталган. D группасында Кыргызстан, Иран, Пакистан, Индия жана Түркмөнстан бар. 14 жашка чейинки оюнчулар арасындагы Азия чемпионатынын тандоо туруна 43 мамлекеттин курама командалары катышат. Алар 8 топко бөлүнгөн.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223086

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.