Бишкекте жайында Эл аралык донорлор конференциясы өтөт

  24.04.13   10:40
 273

22-апрелде Нью-Йоркко (АКШ) жумушчу сапары менен жүргөн биринчи вице-премьер-министр Джоомарт Оторбаев ПРООНдун администраторунун орун басары, Бириккен улуттар уюмунун (БУУ) башкы катчысынын орун басары Ребекка Гринспэн менен жолугушту. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Биринчи вице-премьер-министр донорлор жана шериктер менен Туруктуу өнүгүүнүн стратегиясынын бир катар багыттарын ишке ашыруу боюнча кызматташтыкты белгиледи жана ПРООНду бул аракеттерге активдүү катышууга чакырды. Ошондой эле бул маселе боюнча кезекте боло турган БУУнун Башкы ассамблеясынын сессиясында атайын иш-чара өткөрүүнү сунуштады.

Гринспэнди Бишкекте июль айында өтө турган Эл аралык донорлордун конференциясына катышууга чакырышты.

Күндүн экинчи жарымында Оторбаев америкалык Freedom House өкмөттүк эмес уюму, "Ачык коом" фонду тарабынан уюштурулган тегерек столго катышты.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223089

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.