Сергей Пономарев: "Дордой" Бажы биримдигине кирүүдөн утушка гана ээ болот

  24.04.13   10:42
 322

"Бажы биримдиги (ББ) иштегенден тартып кыргызстандыктар өлкөдөгү экономиканын кескин төмөндөшүн сезишти",- деп билдирди "ВБ"га Кыргызстандын соода ишканалары, тейлөө тармактары жана рыноктору ассоциациясынын башчысы Сергей Пономарев.

"Челнок бизнеси токтоп калды. Дүңүнөн соода кылуучулардын товар жүгүртүүсү 80 пайызга төмөндөдү. Эт, сүт өндүрүүчүлөр, тигүү тармагы жабыркады",- деп белгилейт ал.

Пономаревдун айтымында, 5,5 миллион калк жашаган Кыргызстандын рынок потенциалы абдан эле төмөн жана олуттуу чет элдик инвесторлорду кызыктырбашы ыктымал.

"Эгерде жакынкы күндөрү ББнын эшиги Кыргызстан үчүн ачылбаса, экономиканын мындан аркы өнүгүшүн күтпөй эле койсо болот",- деп боолголойт ал.

Пономарев ошондой эле эксперттердин тобу учурда республикадагы тобокелдиктерди кантип азайтуу керек деген маселенин үстүндө иштеп жатышканын айтат.

"Маселе өкмөттүк жана президенттик администрациянын деңгээлинде иштетилип жатат. Бирок азыртан эле "Дордой" үчүн Бажы биримдигине кирүүнүн оң жактары абдан көп деп ишенимдүү айта алам",- дейт ал.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223090

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.