Таш-Көмүрдө 700 г героин алып жүргөн киши кармалды

  24.04.13   10:56
 337

Таш-Көмүрдүн милиция кызматкерлери 700 грамм героин алып жүргөн кишини кармашты. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ИИБдин басмасөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-апрелде, түнкү саат 00-30дар чамасында Таш-Көмүр РИИБдин кызматкерлери шаардын Кичи-Курулуш районунун аймагынан баңгизатын сатууга аракет кылган 55 жаштагы жаранды кармашкан.

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223091

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.