Дмитрий Медведев: Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушу энергиянын тартыштыгын азайтат

  24.04.13   10:50
 277

"Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушу Кыргызстандагы жана Борбор Азиядагы энергиянын тартыштыгын азайтат ",- деп билдирди кечээ, 23-апрелде, Москвада кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынынын соңунда Россиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев.

Анын айтымында, Камбар-Ата ГЭСинин курулуш долбооруна ылайык макулдашуулардан ишке өтүүчү мезгил келип жетти. Биргелешкен сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы эки мамлекеттин ортосундагы мамиле чыны менен шериктеш экендигин далилдеп турат.

"Россиялык бизнес дагы кыргызстандык шериктери менен кызматташууга активдүү кызыкдар болуп жатат. Кыргызстан россиялык инвестицияны коргоону камсыз кыла алат деген ниеттебиз",- дейт Медведев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223092

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.