Парламентте "Республиканын" лидери менен КСДПнин депутаты айтыша кетишти

  24.04.13   11:04
 401

Бүгүн, 24-апрелде, парламенттик жыйында "Республика" фракциясынын лидери Алтынбек Сулайманов менен КСДП фракциясынын депутаты Акылбек Султанов экөөнүн ортосунда мушташка өтүп кете жаздаган кайым айтышуу орун алды.

Жыйында Бөдөш Мамырова КСДПнин депутаттарын "Ак үйгө" киргизилбеген Азимбек Бекназаров тууралуу этият сөз сүйлөгүлө деди.

Султанов Мамырова ага акыл үйрөткүдөй акысы жок экенин айтып: "Бекназаров ким экен? Аны бул жакка киргизгидей ал эмне кылды? Патриот атка конуу үчүн эмне жасады?", - деп суроо салды.

Султановдун бул жоругу Сулаймановду нааразы кылды. Ал Мамыровага болуша кетти. Кайым айтышуу микрофондун жанында болбогондон кийин алардын сөзү даана угулган жок. Болгону Султановдун "мага сөгүнгүдөй мен силерге Камчы эмесмин" дегени угулду.

Экөөнү кесиптештери ажыратышты.

Эскертсек, бүгүн Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп аткандыгына байланыштуу "Ак үй" катуу кайтарууга алынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223095

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.