Кожобек Рыспаев: Бекназаровду "Ак үйдөн" эч ким зордоп чыгарган жок

  24.04.13   11:10
 324

"Азимбек Бекназаровду эч ким күч менен "Ак үйдөн" чыгарган жок",- деп "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Кожобек Рыспаев Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 24-апрелдеги, жыйынында билдирди.

Депутат "Ак үйгө" кирип келатканда Бекназаров менен жолукканын билдирди. "Ооба, ал чындап эле имаратка кире албайт, бирок аны эч ким күч менен чыгарган жок",- деди ал.

Арнамысчы депутат Дастан Бекешев Бекназаровдун өлкөгө эч кандай пайда алып келбегенин билдирди. "Кумтөр – элди алып чыгууга жана алар менен ойноого себеп болууда. "Кумтөр" болбосо, "Мегаком" болмок, ал да жок болсо, "Билайн" болмок. Эгер бул да болбогондо ал элдерди чогултуп алып, Бакиевди өлкөгө алып келгиле деп талап коймок. Келгиле андан көрө жыйынды баштайлы",- деди ал.

Белгилей кетсек, буга чейин эркин депутат Равшан Жээнбеков "Ак үйдүн" күзөт кызматы Бекназаровду күч менен эшикке чыгарганын айткан болчу.

Эскертсек, бүгүн Кумтөр боюнча келишимди жокко чыгарууну талап кылган митинг өтүп аткандыгына байланыштуу "Ак үй" катуу кайтарууга алынды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223096

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.