Өкмөт башчысы Россиядан троллейбус алуу жөнүндө келишимге кол койду

  24.04.13   11:13
 263

Кыргызстандын жана Россиянын өкмөт башчылары Жантөрө Сатыбалдиев менен Дмитрий Медведевдин Москвада болгон жолугушуусунун жыйынтыгында бажы тармагындагы өз ара кызматташтык жана троллейбустарды жеткирүүнү камсыздоо жөнүндөгү келишимдерге кол коюлду.

Тараптар КРнын Мамлекеттик бажы кызматынын жана РФнын Федералдык бажы кызматынын ортосундагы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы бажы которуулар жана товарларды жайгаштырууда маалымат алмашууну уюштуруу жөнүндөгү протоколго өзгөртүүлөрдү киргизишти. Бул протоколго 2008-жылдын 9-октябрында кол коюлган.

Ошондой эле бул эки органдын ортосунда бажы операцияларын жөнөкөйлөтүү тууралуу документ дагы кабыл алынды.

Троллейбустарды жеткирүүдө тышкы соода келишими боюнча камсыздоону сунуштоо жөнүндөгү макулдашуу кол коюлган үчүнчү документ болуп калды.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223097

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.