"Кумтөр" боюнча макулдашууга каршы кол чогултууларда көз боемоочулук болгон

  24.04.13   11:18
 252

"Кумтөр" боюнча макулдашууну денонсациялоого чогултулган колдордун 1.5 миңи алдоо жолу менен чогултулган", - деп бүгүн, 24-апрелде, парламенттик жыйында "Ата-Мекен" фракциясынан депутат Туратбек Мадылбеков маалымдады.

Анын айтымында, ага кол койгондордун катарына кирген 1.5 миң адам аларды алдап кетишти деген билдирүү менен кайрылышкан. Кол чогултулуп жатканда, социалдык коргоо тууралуу мыйзам долбоор жөнүндө айтылып жаткан экен. "Бүгүн алар "Кумтөр" кенин денонсациялоого кол койгондорун билишкен эместигин айтып жатышат. Алар келип, бул тууралуу ачык айтууга даяр. Калган 10 миң адамды да текшерип чыгуу зарыл", - деди Мадылбеков.

Ошондой эле ал парламентте "Кумтөр" маселеси бир нече ирет каралгандыгын эске салды. "Июнь айынын башында биз бул боюнча чечим кабыл алабыз. Менин оюм боюнча кичине күтө туруу зарыл. Биз 10 миң колдун жасалма эмес экенин аныкташыбыз керек", - деп депутат кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223099

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.