Депутаттар "Ак үйгө" кире бериштеги текшерүүгө нааразы болуп жатышат

  24.04.13   11:24
 284

Бүгүн, 24-апрелде, парламенттин жыйынында депутаттар Ак үйдүн кире беришин ит ээрчиткен атайын кызматтын аскерлери текшерип жатканына нааразы болушту.

КСДП фракциясынан депутат Исмаил Исаков "Кыргызстанда өзгөчө кырдаал абалы киргизилген сыяктуу",- деп Ак үй тишине чейин куралданган ит ээрчиткен атайын кызматтын аскерлери менен курчалганын айтты. "Депутаттардын унаалары кирген кезде ит менен текшерип чыгышты. Кандай негизде муну жасап жатышат? Аларга ким буйрук берди? Эмне болуп жатат деги? Бизде эмне өзгөчө кырдаал киргизилдиби? Мага 9-башкармалыктын башчысы ушундай көрсөтмө берди дешти. Ал ким экен? Профилдик комитеттер муну карап чыгышы керек деп эсептейм",- дейт ал.

Эскерте кетсек, бүгүн оппозиция тарабынан уюштурулган "Кумтөр" келишимин денонсациялоо боюнча митингден улам Ак үй күчөтүлгөн кайтарууда. Ошол эле маалда президент Алмазбек Атамбаевге сегиз элчи ишеним грамоталарын тапшырууга тийиш жана бул иш- чаралар Ак үйдө өткөрүлмөкчү.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223100

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.