Саида Кудусова стол тенниси боюнча Бишкектин абсолюттук чемпиону болду

  24.04.13   11:35
 278

"Карвен" стол тенниси боюнча борбордо Бишкектин ачык чемпионаты аяктады. Кыргызстандын стол тенниси боюнча ассоциациясынын вице-президенти Самсон Балян мелдеш аялдар жана эркектер арасында 40 жашка чейинки категория боюнча өткөнүн билдирди. Мелдеш ошондой эле жуптук түрдө да өткөн.

Мелдешке Бишекектен, Оштон, Караколдон, Токмоктон жана Ашхабаддан (Түркмөнстан) келген 10 спорттун чеберлери катышты.

Аялдар арасындагы мелдеште кыргызстандык Саида Кудусова биринчи орунду алды. Экинчи орунду Жылдыз Аязбекова ээлесе, үчүнчү орунга Ирина Клычева (Түркмөнстан) татыды.

Эркектер арасындагы мелдеште спорттун чебери Руслан Култаев финалдык беттеште Алишер Якупбаевди утуп, биринчиликке жетсе, үчүнчү орунду Түркмөнстандан келген Рашид Ахмедов ээледи.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223102

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.