Ташчайнар "Украина мае талант" конкурсунун жарым финалынан өтө алган жок

  24.04.13   12:24
 330

Кыргызстандык Ташчайнар каймана аты менен таанымал болгон Нурлан Алишеров "Укарина мае талант" конкурсунун жарым финалынан өтө алган жок. Бул тууралуу Ташчайнардын продюсери Максат Чакиев "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында, үч калыстын экөө Ташчайнарга добушун бербегендиктен ал кулап калган. "Украиналык бийчилерге артыкчылык берилди. Ошентсе да залдагы көрөрмандар биздин балбанды колдоп турушту. Менимче Ташчайнар конкурстун фавориттеринин бири болду",- дейт ал.

Жарым финалга Нурлан жаңы номерлерди даярдаган. "Ал алакандай болгон ташты тиши менен тиштеди. Ошондой эле катталган темирге тиши менен мыкты 150 мм какты. Андан сырткары тиши менен 4 метрлик арматураны ийди. 100 кг салмактагы ташты тиши менен көтөрдү",- деди Чакиев.

"Көпчүлүк көрүүчүлөр Ташчайнарды Киевдин көчөлөрүнөн тааный башташты. Эстеликке сүрөткө түшүп атышты. Азыр балбан өзүнүн кичи мекени - Таласта".

"Украина мае талант" конкурсунун уюштуруучулары Алишервду конкурстун жыйынтыктоочу гала-концертине чакырышты. Концерт июнь айынын аягында болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223107

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.