Спикер "Кумтөр" боюнча маселени саясатташтырбоону өтүндү

  24.04.13   12:43
 260

Бүгүн, 24-апрелде парламенттин жыйынында спикер Асылбек Жээнбеков "Кумтөр" боюнча маселени саясатташтырбоону өтүндү.

Анын айтымында, депутаттык корпуста "Кумтөргө" жан дүйнөсү менен күйбөгөн бир да киши жок. Жээнбеков ошондой эле парламентте үч комиссиянын, анын ичинде мамлекеттик - башында экономика министри Темир Сариев турган - иштеринин жыйынтыктары каралып жатканын эскертти. "Аталган маселе боюнча биз токтом кабыл алдык. Келгиле өкмөткө үч ай мөөнөт берген өз чечимибизди урматтайлы. Июнда биз бул токтомду караганга кайрадан киришебиз. Ал жакта денонсация келишими боюнча баары жазылган",- дейт ал.

Ошол эле маалда төрага депутаттык корпус Бекназаров "Кумтөр" келишимин денонсация кылуу жөнүндөгү мыйзам долбоорун колдоо үчүн топтогон 10 миң адамдын колун да эске алаарын белгилейт. "Алардыкы туура эмес деп эч ким айткан жери жок. Келгиле мыйзамдын алкагында иш алып баралы",- дейт Жээнбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223108

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.