Россия 1-июлга чейин Камбар-Ата 1-ГЭСинин курулушуна акча табышы керек

  24.04.13   12:54
 290

Россия тарап үстүбүздөгү жылдын 1-июлуна чейин Камбар-Ата 1- ГЭСи жана Жогорку Нарын каскады ГЭСинин курулушун каржылоо булактарын аныктоого тийиш. Мындай чечим кечээ, 23-апрелде Москвада болгон кыргыз-россиялык өкмөттөр аралык комиссиянын жыйынында кабыл алынды.

РФтин Энергетика министрлигине жана КРдин өнөр жай жана энергетика министрлигине 31-майга чейин "Камбар-Ата 1-ГЭСи" жабык типтеги акционердик коомунун (ЖАК) жана "Жогорку-Нарын ГЭС" жабык типтеги акционердик коомунун ишмердүүлүгүн камсыз кылыш үчүн каржылык операцияларды ишке ашыруунун варианттарын бекитүү тапшырмасы берилди.

Эки мамлекеттин өкмөттөрү "Интер РАО ЕЭС" ачык акционердик коомуна (ААК) жана "Электр станциялары" ААКына "Камбар-Ата 1-ГЭСи" ЖАКнын акцияларынын, буга кошумча активдердин баасынын жана укуктук экспертизасынын кошумча эмиссияларын жүргүзүү тапшырмасын беришти.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223109

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.