Көлгө жырткыч балыктарды алып келүүгө тыюу салуу сунушталууда

  24.04.13   13:21
 298

"Балык чарбасы жөнүндө" мыйзамга толуктоо киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору бүгүн, 24-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында үчүнчү окууда каралды.

Долбоорду жыйынга Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана региондук өнүгүү боюнча комитеттин төрагасынын орун басары Эсенгул Исаков алып чыкты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басмасөз кызматы билдирди.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси Жогорку Кенештин депутаты Максат Сабировдун айтымында, Ысык-Көлдө жырткыч балыктардын өстүрүлүшү менен көлдүн өзүнүн эндемикалык (Ысык-Көлдө гана байырлаган) түрлөрү жоголуу коркунучуна келген. Андыктан, Ысык-Көл кайтаруучу акваториясы бар мамлекеттик маанидеги көл болгондуктан, бөтөн жерден алынып келинген жырткыч балыктардын түрлөрүн өстүрүү боюнча чарбалык ишке тыюу салуу сунушталган. Ошону менен катар долбоор аркылуу көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого гана уруксат берилгендигин, ал эми өнөр жайлык балык уулоого тыюу салынган.

Жыйынтыгында мыйзам долбоору 3-окууда добуш берүүгө жолдонду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223110

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.