Тажикстан чек арачылары менен жарандарга ок атпоо тууралуу макулдашышты

  24.04.13   13:21
 274

"Кыргызстандын чек ара кызматы Тажикстандагы кесиптештери менен жөнөкөй жарандарга карата ок чыгарбоо тууралуу макулдашышты", - деп бүгүн, 24-апрелде, Бишкектеги маалымат жыйыны учурунда КРдин чек ара кызматынын төрагасы Токон Мамытов билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери кыргыз-өзбек чек арасында эч кандай чыр-чатак катталган эмес. Тажикстан менен болгон чек арада дагы абал тынч.

"Бирок, бардыгы ойдогудай эмес: жөнөкөй жарандарга карата ок атуу фактысы катталган. Бул окуядан кийин мен Тажикстандын чек ара кызматынын жетекчиси менен кезиктим. Ошондон кийин биз кандайдыр бир провакацияга же абалды дестабилдештирүүгө жол бербөө максатында, мамлекеттик чек ара режимин күндүзгү маалда бузган жөнөкөй жарандарга карата ок атпоону макулдаштык", - деп Мамытов маалымдады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223111

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.