Apple үч айда 37,4 млн iPhone жана 19,5 млн iPad сатты

Apple компаниясы 2013-жылдын биринчи кварталы боюнча финансылык жыйынтыктарын жарыялады.
  24.04.13   13:41
 202

Компаниянын соодадан тапкан пайдасы жалпысынан 43,6 млрд доллар болсо, (аналитиктер 42,3 млрд доллар болот деп болжошкон) таза пайдасы 9,5 млрд доллар болгон.

Өткөн жылдын биринчи кварталында компаниянын кирешеси 11,6 млрд доллар болсо, соодадан тапкан пайдасы 39,2 млрд доллар болгон. Демек бул жылы соодадан тапкан пайда көбөйсө, киреше азайган.

Өткөн жылдын үч айына салыштырмалуу быйыл iPhone телефондорунун сатылышы 35,1 миллиондон 37,4 миллион даанага чейин көбөйгөн. Ал эми iPadдин сатылышы 11,8 миллиондон 19,5 миллионго чейин көбөйгөн.

Ошентсе да өткөн жылдын биринчи кварталына салыштырмалуу быйыл комьютерлердин сатылышы төмөндөп кеткен. Мисалы, алар 4 миллиондон 3,95 миллионго азайган.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223113

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.