Бишкекте Жеңиш күнүн салтанаттуу салют менен белгилешет

  24.04.13   14:02
 317

Бүгүн, 24-апрелде, 1941-1945-жылдары өткөн Улуу Ата мекендик согуштун бүтүшүнүн 68 жылдыгына арналган саланаттуу иш чараларды өткөрө турган уюштуруу комитетинин жыйыны болду. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жыйын учурунда мааракеге байланыштуу иш чаралардын уюштуруусуна тиешелүү бир катар маселелер каралды. Мурда белгилүү болгондой, мамлекет тарабынан согуш ардагерлерине, инвалиддерине жана тыл эмгекчилерине жыл сайын берилүүчү акчалай жардамга 54,1 млн сом бөлүнгөн. Негизги майрамдык иш чаралар борбор калаанын Жеңиш аянтында өткөрүлөт.

Ошондо 9-майда саат 10 митинг-реквием өтүп, Улуу Ата мекендик согушта курман болгодордун элесине карата тынчтык мүнөтү болот. Андан кийин президент Алмазбек Атамбаевге жана согуш ардагерлерине сөз берилет. Анан Бишкек гарнизонунун офицерлери менен солдаттары салтанаттуу марш менен чогулгандардын алдынан өтүшөт. Ардагер менен тыл эгекчилерине "салттуу түштөнүү" уюштурулат. Кечкисин салтанаттуу салют аттырылат.

Андан тышкары майрамдык иш чаралар Ошто жана башка облустардын райборборлорунда өткөрүлөт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223114

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.