Азиздер үчүн биринчи телефон чыкты

Индиянын улуттук дизайн институтунун аспиранты Самит Дагар көрүүсү начар жана сокур адамдар үчүн телефон чыгарды.
  24.04.13   14:13
 253

Жаңы телефонго келген билдирүүлөрдү Брайля тамгалары аркылуу окууга мүмкүнчүлүк түзүлгөн.

Брайля шрифти – көрүүсү начарлар үчүн атайын чыгарылган. Ал кичинекей дөмпөкчөлөрдөн тургандыктан аны колу менен басып окушат.

Самит Дагардын ойлоп табуусу жакын арада сатыкка чыгышы мүмкүн. Ал өз табылгасына кеңири колдонгон технологияны колдонгон. Телефондун экранынындагы дөмпөкчөлөр атайын команданын жардамы менен чыгып, кирип турат.

Азырынча бул телефон үлгү иретинде чыгарылып, сыноодон өтүүдө.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223115

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.