Беш кыргызстандык дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионатка жолдомо алышты

  24.04.13   14:19
 255

Дзюдо боюнча дүйнөлүк чемпионат ушул жылдын август айында Бразилияда өтөт. Ал мелдешке Кыргызстандан беш спортчу катышат: Юрий Краковецкий, Азат Кубакаев, Ислам Баялинов, Болот Токтогонов жана Чынгыз Мамедов. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде, КРдин дзюдо боюнча курама командасынын башкы машыктыруучусу Абдразак Шаршенов билдирди.

Анын айтымында, аталган спортчулар дүйнөлүк рейтингтеги эң мыкты 64 дзюдочулардын катарына киришет. Бул көрсөткүч эркектер арасындагы дүйнөлүк чемпионатка катышууга мүмкүнчүлүк түзүп турат.

Эске салсак, ушул жылдын башында, Дзюдо боюнча эл аралык федерациянын жаңы эрежелери боюнча дүйнөлүк чемпионатка катышуу үчүн дүйнөлүк рейтингтин 64 мыкты спортчулардын катарында болуусу шарт.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223116

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.