Шайырбек Ташиев: Оппозициянын митинги Бишкекте гана өтөт

  24.04.13   14:29
 308

"Кумтөр" келишимин денонсация кылуу жана "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттарын бошотуу боюнча митинг Бишкекте гана өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин тууганы Шайырбек Ташиев билдирди.

Ош областынын ички иштер башкармалыгы түштүк борбордун администрациялык имаратынын алдында бүгүн митинг жок экенин тастыктады. Нарын областындагы өкмөттүн толук өкүлү Муратбек Канатбеков дагы Нарын областында нааразылык акциялары өтпөй турганын маалымдады. Жалал-Абад областындагы "Ата-Журт" партиясынын өкүлү Медер Үсенов азыркы учурда Бишкекте жүргөнүн билдирди. Шайырбек Ташиев башка райондордо митингдер пландалбаганын айтты.

Эскерте кетсек, митингдин катышуучулары "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо жана "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабын коюшууда. Буга чейин оппозициялык кыймылдын башчысы Азимбек Бекназаров митингдер бүт өлкө боюнча өтөөрүн айткан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223117

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.