Камакта отурган миңдеген адамдарга паспорт берүү мыйзамсыз деп табылышы ыктымал

  24.04.13   14:36
 232

Камакта отурган миңдеген адамдарга, анын ичинде Азиз Батукаевге паспорттун берилиши мыйзамсыз деп табылышы мүмүн. Бул туурлауу бүгүн, 24-апрелде, юрист Эрик Ирискулбеков маалымдады.

Эксперттин айтымында, 2008-жылдын 11-августунда Мамлекеттик каттоо кызматы (МКК) жана Мамлекеттик жаза аткаруу кызматы (МЖАК) камакта отургандарга паспорт берүү боюнча инструкцияны бекитишкен. Бирок бул инструкция КРдин өкмөтү тарабынан токтом менен да бекиши керек. Бул "КРдин нормативдик укуктук актылары тууралуу" Мыйзамда жазылган. Ирискулбеков бул инструкция мыйзамды бузуу менен кабыл алынган, деген чечим чыгарды.

"Бирок, Батукаев паспортун мыйзамсыз алды деп айтуу азырынча эрте. Себеби, инструкция иш жүзүнө киргизилип, иштеп жатат. Аны эч ким жокко чыгарган эмес. Жогоруда айтылган далилдер, инструкция мыйзамсыз деп табылгандан кийин гана орундуу болот. Ошондо дагы ал мыйзамсыз деп катасы табылганда эмес, кабыл алган күндөн баштап аталышы керек. Демек, инструкция бекилгенден бери, камакта отургандарга берилген миңден ашык паспорт мыйзамсыз болуп чыга келет", - деди Эрик Ирискулбеков.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223119

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.