Хакерлер Ассошиэйтед пресстин аккаунтын бузуп, дүрбөлөң салды

"Шашылыш кабар: Ак үйдө эки жарылуу болуп, Барак Обама жарат алды", -деп жазылган хакерлер бузуп кирген аккаунттагы билдирүүдө.
  24.04.13   14:52
 260
 

Хакерлер Ассошиэйтед пресстин (АР) Twitterдеги аккаунттарынын бирин бузуп кирип, Ак үйдө жардыруу болуп, Барак Обама жарат алды деген билдирүү калтырышкан. Айрым орусиялык маалымат булактар муну чындык катары кабылдашкан.

Жоопкерчиликти болсо "Сириялык электрондук армия" деп аталган, президент Башар Асадды колдогон топ өзүнө алды. Бул туурасында алар өздөрүнүн Twitterдеги аккаунттунда билдирген. Буга чейин бул топ Би-Би-Синин жана америкалык CBS, NPR телеканалдарынын аккаунтын бузуп кирген эле.

Ушу тапта АРтин баардык аккаунттары ишин убактылуу токтотту.

Хакерлердин билдирүүсүнөн кийин эле Фондолук рынок дүрбөлөңгө түшүп, Ак үйдүн өкүлү президенттин аман-соо экенин расмий билдиргенден кийин гана абал турукташа баштады.

Ага улай АР билдирүү таратып, аккаунттун хакерлер бузуп киргенин жана Ак үйдөгү жардыруу туурасындагы маалымат жалган экенин билдирди.

Бирок Итар-ТАСС жана Russia Today маалымат булактары бул билдирүүнү чындык катары кабыл алышкан.

Булак: ВВС Кыргыз кызматы

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223120

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.