Жайыл райондук сотунун судьясы кызматынан бошоду

  24.04.13   14:53
 237

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 24-апрелде "Улан Араев жөнүндө" жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңешинин сунушу боюнча Араев Абдыжапарович 2013-жылдын 22-апрелинен баштап өз каалоосу боюнча Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Чүй облусунун Жайыл райондук сотунун судьясынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223122

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.