Сузак райондук сотунун төрагасы кызматынан кетти

  24.04.13   15:03
 291

Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев "Сатарали Камбаралиев жөнүндө" Жарлыкка кол койду.

Президенттин жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын судьялар Кеңеши Кыргыз Республикасынын судьясы С. Камбаралиевге карата ээлеген кызмат ордунан мөөнөтүнөн мурда бошотуу түрүндө тартип чарасын колдонгондугуна байланыштуу Камбаралиев Сатарали Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотунун судьясынын кызматынан жана Жалал-Абад облусунун Сузак райондук сотунун төрагасынын ыйгарым укуктарын жүргүзүүдөн мөөнөтүнөн мурда бошотулду. Бул тууралуу КР президент аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Жарлык кол коюлган күндөн баштап күчүнө кирет.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223123

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.