Депутат: Батукаевди Бишкектен көрсөтмө берип бошотушкан

  24.04.13   15:02
 286

"Кылмыштагы ууруну бошотуу Бишкектин көрсөтмөсү менен болгон",- деп билдирди бүгүн 24-апрелде "ВБ" менен болгон маегинде кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана өлкөдөн чыгарылышы боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу.

Белгилей кетсек, кечээ комиссиянын үч мүчөсү- ар-намысчылар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев жана СДПКдан Эркинбек Сакебаев Нарында көчмө жыйын өткөрүшкөн.

Депутаттын айтымында, көчмө жыйындын маалында ал Батукаевдин жакын тааныштары менен жолугушкан. "Батукаев олтурган камерада анын жакыны, депутат Тынычбек Акматбаевди, Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын начальниги Болотовду жана Жогорку Кеңештин аппаратынын эки кызматкерин өлтүргөндүгү үчүн өмүр бою абакка кесилген Рустам Абдулин дагы бар. Мен алар менен бетме-бет жолугуштум. Абдан көп кызыктуу нерселерди билдим. Азырынча эч нерсе айта албайм, анткени абактагылар менен болгон сүйлөшүү айтылбашы керек. Бирок менин Батукаевди бошотуу Бишкектин көрсөтмөсү менен болгонуна көзүм жетти",- дейт Турсунбай Бакир уулу.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223124

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.