Турсунбай Бакир уулу: Батукаевдин паспортунун сотко келгени тууралуу далил жок

  24.04.13   15:24
 348

"Биз кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин паспорту анын иши боюнча башка документтер менен бирге сотко көрсөтүлгөнүн тастыктаган документ тапкан жокпуз",- деп билдирди бүгүн, 24-апрелде "ВБ" менен болгон маегинде кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушу жана өлкөдөн чыгарылышы боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү, "Ар-Намыс" фракциясынын депутаты Турсунбай Бакир уулу.

Белгилей кетсек, кечээ комиссиянын үч мүчөсү - ар-намысчылар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев жана КСДПдан Эркинбек Сакебаев Нарында көчмө жыйын өткөрүшкөн.

Турсунбая Бакир уулунун айтымында, көчмө жыйындын маалында Батукаевдин паспорту Нарында болгон соттун учурунда документтер менен бирге болгонбу же жокпу тастыктай турган №24 абактын атайын бөлүмүнүн начальниги комиссия мүчөлөрү менен үй-бүлөлүк абалына байланыштуу жолуга алган эмес. "Биз андан комиссияга түшүндүрмө жөнөтүүнү өтүндүк. Ошондой эле абактын начальниги, Нарын областындагы Мамлекеттик каттоо кызматынын башкармалыгынын башчысы, Батукаевдин ишин сотко жөнөткөн адам Азиз Батукаевдин паспорту анын иши боюнча башка документтер менен бирге сотко көрсөтүлгөнүн тастыктай алышкан жок",- дейт депутат.

Буга чейин комиссиянын башка бир мүчөсү Равшан Жээнбеков "ВБ" менен болгон маегинде Мамлекеттик каттоо кызматы Батукаевга паспортту мыйзамсыз бергенин мойнуна алганын айткан.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирген. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223125

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.