Katelдин абоненттери үч күндөн бери байланыштын жоктугуна арызданышты

  24.04.13   15:21
 297

Katel уюлдук оператордун абоненттери үч күндөн бери байланышы жок жүрүшөт. Алар компаниянын офисинде эч ким жооп бербей жатат, расмий сайтында дагы эч кандай маалымат берилген эмес, деп арызданып жатышат.

Байланыш операторлор ассоциациясынын аткаруучу директору Айбек Баканов, Katel түйүнү бир нече күндөн бери иштебей жаткандыгын тастыктады. "Мага белгилүү болгондой, түйүндүн жабылышы компаниядагы убактылуу кыйынчылыктарга байланыштуу. Ал эми кандай кыйынчылыктар экени азырынча белгисиз. Бүгүнкү күндүн соңуна чейин компаниянын өкүлдөрү менен байланышып, бардыгын аныктаганга аракет кылам", - деди Баканов.

"Кыргызтелеком" ААК, уюлдук опертордун иштебей калышына тиешеси жоктугун билдирип, тейлөөнүн токтотулушу компаниянын ички маселелерине байланыштуу, деп жооп берди.

Атын атабоону суранган "ВБ"нин маалымат булагы, түйүндүн жабылышы Katel компаниясы уттуруп жиберген бир нече сот процесстерине байланыштуу болушу мүмкүн деп божомолдоду. Иш кана жабылышы мүмкүн деген божомолдоолорун дагы кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223126

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.