Нарындын эли оппозициянын митингин колдошпойт

  24.04.13   15:31
 340

Нарындын эли оппозициянын "Кумтөрду" улутташтыруу талабы менен бүгүн Бишкекте өтүп аткан митингин колдоого албайт. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусу боюнча атайын өкүлү Канатбек Муратбеков "ВБ"га билдирди.

Анын айтымында аймактагы элдер жазгы талаа иштери менен алек болгондуктан митингге чыгууга убактылары жок.

"Облустагы абал туруктуу, эч кандай митинг жок. "Кумтөрдү" улутташтыруу боюнча эл арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдөбүз. Эл 2009-жылкы келишим боюнча өкмөт канадалык компания менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп аткандыгы тууралуу кабардар. Жалпысынан алганда аймактын эли митингдерге каршы. Алар оппозициянын Бишкекте өткөрүп аткан митингдерине каршы",- деп ишендирди Муратбеков.

Ал ошондой эле аталган митингди колдоо үчүн Нарындан Бишкекке эч ким кетпегенин кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223128

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.