Өзгөндө жасалма акциздик марка менен 4 миңден ашык ичимдик алынды

  24.04.13   15:56
 264

Өзгөндө 200 миң 880 сомдук жасалма акциздик марка чапталган 4 464 бөтөлкө спирт ичимдиги алынды. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын басмасөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда салыкчылар жеке ишкер К.Молдобаевге таандык складдан "Нурлан Алко" ЖЧКсында жасалган" деген жасалма акциздик маркалар чапталган спирт ичимдиктерин табышкан.

Тийиштүү чараларды көрүү үчүн кармалган товар МУККнын Ош облустук бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223130

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.