Митингчилерди түнкүсүн милиция кайтарат

  24.04.13   15:51
 278

Бүгүн, 24-апрелде, Бишкектеги Ала-Тоо аянтында оппозиция өткөрүп жаткан митингдин катышуучулары Кыргызстандын жети облусунун өкүлдөрүнөн турган штабды түзүүнү чечишти.

Активисттердин айтымында, штаб аянтта түнөөнү каалагандардын тизмесин түзүп, аларга боз үй издөө менен алектенет. Ошондой эле, алар берген маалыматка ылайык, Биринчи май РИИБсинин жетекчисин ар кандай провокациялардын алдын алуу максатында боз үйлөрдүн түнкү күзөтүн камсыздап берүүсүн суранышат.

Эске салсак, митингтин катышуучулары Жогорку Кеңештен "Кумтөр" кени менен макулдашуунун денонсациялоосун, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотуусун талап кылып жатышат. Мурда оппозициялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров митинг бүт республика боюнча өтөт деп жар салган. Бирок, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбектин айтымында митинг Бишкекте гана болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223134

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.