Митингге чыккандар аянтка түнөөнү чечишти

  24.04.13   15:52
 278

Бүгүн, 24-апрелде, Ала-Тоо аянтында митингге чыккандардын делегациясын парламенттин имаратына өткөрүүдөн баш тартышты.

Окуянын мындай өнүгүшүнө нааразы болгон акциянын катышуучулары парламентти таратууну жана өкмөттүн отставкасын талап кылыш үчүн добуш беришти. Ошондой эле аянтты таштап кетпөө жана митинг өткөргөн жерге түнү менен калуу чечими кабыл алынды.

Эскерте кетсек, митингдин катышуучулары "Кумтөр" боюнча келишимди денонсациялоо жана "Ата-Журт" фракциясынын камактагы депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовду бошотуу талабын коюшууда. Буга чейин оппозициялык кыймылдын башчысы Азимбек Бекназаров митингдер бүт өлкө боюнча өтөөрүн айткан. Бирок камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин тууганы Шайырбек Ташиев нааразылык акциясы Бишкекте гана болоорун билдирген.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223135

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.