Исаев: МККнын башчысы Батукаевге паспорт берүү жөнүндөгү өзүнүн пикирин өзгөрттү

  24.04.13   15:56
 344

"Буга чейин Батукаевге паспорт беришкенин мойнуна алган Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) төрагасы Эрлан Сапарбаев эми бул сөздү четке кагууда",- деп билдирди бүгүн, 24-апрелде, журналисттер менен болгон сүйлөшүү маалында кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушун жана өлкөдөн чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Канат Исаев.

Бүгүн комиссия өзүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Белгилей кетсек, кечээ комиссиянын үч мүчөсү- ар-намысчылар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев жана КСДПдан Эркинбек Сакебаев Нарында көчмө жыйын өткөрүшкөн.

Исаевдин айтымында, ал комиссия Сапарбаевге бул тууралуу суроо берген жыйынга катышкан эмес. "Комиссия мүчөлөрү паспорт мыйзамсыз берилгенине ал макул болгонун тастыктап жатышат. Бирок Дамира Ниязалиева (КСДП фракциясынан депутат- vb.kg) азыр Сапарбаев муну четке кагып жатканын айтты. Бирок ал муну камеранын алдында мойнуна алганы тууралуу тастыктама бар",- дейт депутат.

Буга чейин комиссиянын башка бир мүчөсү Равшан Жээнбеков "ВБ" менен болгон маегинде Мамлекеттик каттоо кызматы Батукаевга паспортту мыйзамсыз бергенин мойнуна алганын айткан.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирген. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223136

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.