Митинг уюштуруучулары аянтта түнөбөй эле коюуну чечишти

  24.04.13   16:02
 285

Бүгүн, 24-апрелде, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында каршылык акциясын өткөрүп жаткан митингдин уюштуруучулары, аянтта түнөбөй эле коюууну чечишти. Митинг катышуучуларынан таркай берүүсүн суранышты.

Андан тышкары акциянын уюштуруучулары Кыргызстандын жети дубанынан тарапкерлерин ээрчитип келген активисттер менен эки күндөн кийин кайра жолугушуп, мындан аркы кадамдары кандай болоорун талкуулашаарын билдиришти.

Эске салсак, митингтин катышуучулары Жогорку Кеңештен "Кумтөр" кени менен макулдашуунун денонсациялоосун, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотуусун талап кылып жатышат. Мурда оппозициялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров митинг бүт республика боюнча өтөт деп жар салган. Бирок, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбектин айтымында митинг Бишкекте гана болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223137

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.