Депутаттык комиссия Батукаев боюнча жаңы тартип бузууларды тапты

  24.04.13   16:09
 308

"Мыйзамдагы ууру Азиз Батукаевди абактан чыгарууда туура эмес иштер биринин артынан бири жасалган",- деп билдирди бүгүн, 24-апрелде журналисттер менен сүйлөшүү маалында кылмыштагы ууру Азиз Батукаевдин бошотулушун жана өлкөдөн чыгарылышын иликтөө боюнча түзүлгөн комиссиянын мүчөсү Канат Исаев.

Бүгүн комиссия өзүнүн кезектеги жыйынын өткөрдү. Белгилей кетсек, кечээ комиссиянын үч мүчөсү- ар-намысчылар Турсунбай Бакир уулу менен Нуркамил Мадалиев жана КСДПдан Эркинбек Сакебаев Нарында көчмө жыйын өткөрүшкөн.

Исаевдин айтымында, комиссиянын көптөгөн пункттар боюнча толтура суроолору бар. "Эсиңиздерде болсо керек Батукаевди бошотуу жөнүндө сунуштаманы сотко абактын начальнигинин орун басарынын милдетин аткаруучу жөнөткөн. Мыйзам боюнча абактын башчысы гана сотко мындай сунуштама жөнөтө алат.8-мартта сот болоордон бир күн мурда абакка жаңы орун басар дайындалган, ал эми сотко оперативдүү кызматчы кайрылган", -деп түшүндүрдү ал.

Эскерте кетсек, криминалдык авторитет Азиз Батукаевди 9-апрелде Нарындагы №4 абактан дарыгерлердин анын "канында рак оорусу бар" деген бүтүмүнүн негизинде бошотушкан. Ошол эле күнү Батукаев туугандары менен бирге Грозныйга чартердик каттам менен учуп Кыргызстандан чыгып кеткен. Парламенттин жыйынында Мамлекетти каттоо кызматынын төрагасы Эрлан Сапарбаев Батукаевдин паспорту камакта жаткандарды документтештирүү буйругунун негизинде жасалганын билдирген. Бирок өз кезегинде "Интел Линкс" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Таалайбек Жумадылов кылмышкердин загранпаспортун мыйзамдуу түрдө персонификациялоо фактысын четке каккан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223138

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.