Уюштуруучулары жок калган митингчилер аянттан кетишкен жок

  24.04.13   16:12
 330

Бүгүн, 24-апрелде, Оппозиция митингинин уюштуруучулары, каршылык акциясынын катышуучуларын кете берүүсүн суранышып, Ала-Тоо аянтынан өздөрү кетип калышты. Бирок митингчилердин бир катар бөлүгү калып, өз талаптарын аткаруусун талап кылууну уланта беришти.

Абалга көзөмөл салган оперативниктердин пикири боюнча, митинг уюштуруучулары мындай кадамы менен жоопкерчиликти мойунунан алып салышты. Бирок аянттагы митингчилер менен байланышын үзүшкөн жок.

Эске салсак, митингтин катышуучулары Жогорку Кеңештен "Кумтөр" кени менен макулдашуунун денонсациялоосун, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотуусун талап кылып жатышат. Мурда оппозициялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров митинг бүт республика боюнча өтөт деп жар салган. Бирок, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбектин айтымында митинг Бишкекте гана болот.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223139

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.