Милиция аянттагы митингчилердин бирин камакка алды

  24.04.13   16:23
 346

Бүгүн, 24-апрелде, Бишкек шаарындагы Ала-Тоо аянтында өтүп жаткан митингтин катышуучуларынын бирин милиция кызматкерлери камакка алышты.

Камакка алынган митингчи башкаларды пикетти "Ак үйдүн" алдынан улантууга үндөп жаткан. Митингге келгендер борбордук ШИИБнин жетекчиси Мелис Турганбаев менен айтыша кетишти. Андан кийин, милиция кызматкерлеринин пикири борюнча провокатор катары бааланган каршылык акциясынын катышуучусу камакка алынды.

Митингчилер милиция кызматкерлеринен камакка алынганды бошотуусун талап кылып жатышат. Белгилүү болгон маалыматка ылайык, ал Нарын облусунан келген Айбек Жумалиев.

Эске салсак, митингтин катышуучулары Жогорку Кеңештен "Кумтөр" кени менен макулдашуунун денонсациялоосун, "Ата-Журт" фракциясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун бошотуусун талап кылып жатышат. Мурда оппозициялык кыймылдын лидери Азимбек Бекназаров митинг бүт республика боюнча өтөт деп жар салган. Бирок, Камчыбек Ташиевдин бир тууганы Шайырбектин айтымында митинг Бишкекте гана болот.

Мындан мурун митинг уюштуруучулары, каршылык акциясынын бүткөндүгү тууралуу жар салышкан.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223140

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.