Баткен облусундагы жол күзөтүү кызматында иштегендердин 42% жол эрежесин билбейт

  24.04.13   16:32
 280

ИИМдин Ош, Баткен жана Ош облустарындагы жол күзөтүү кызматында иштеген кызматкерлер аттестациялоодон өтүштү. Бул тууралуу аттестациялык комиссиянын мүчөсү, "Биздин укук" коомдук фондунун директору Калича Умуралиева билдирди.

Анын айтымында, жыйынтыктар өтө начар. Өзгөчө Баткен облусунда иштегендердин 42%ы жол эрежесин билбей турганы аныкталган. Жол эрежесин билүү боюнча көпчүлүк кызматкерлер канааттандырарлык баа алышкан эмес.

"Алар бул жумушта иштеп, нан таап жеп атышат да. Эгер жөнөкөй жаран экзамен тапшыра албай калса, айдоочу күбөлүгүн ала албай калат. Эгер жол күзөтүү кызматынын кызматкери 10 суроонун 8 суроосуна жооп бере албаса, ал жумуш убагында кандай адистигин көргөзө алат?",- деп Умуралиева суроо салды.

Ош облусу боюнча кызматкерлердин 28%ы аттестациядан өткөн эмес.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223141

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.