Жеңил өнөр жайы толук бүлүнүшү же холдинг болуп түзүлүшү ыктымал

  24.04.13   16:38
 364

Кыргызстандын жеңил өнөр жайын, негизинен тигүүчүлөрдү Бажы биримдигине (ББ) киргенден кийин эки жол күтүп турат: толук бойдон бүлүнүү же болбосо андан чоң- холдинг түзүмүнө өтүү. Мындай пикирин "ВБ" менен Smart Business Solution CAнын директору Кубат Рахимов бөлүштү.

Анын айтымында, ата мекендик тигүү ишканаларынын кооптонуулары эл маселени терең изилдебей туруп эле коркунучтарга берилип алгандыгынан улам келип чыгууда.

"Азыр Кыргызстандын тигүү өнөр жайынын өкүлдөрү ББга кирүүдө жөнөкөйлөтүлгөн режим болуш керектигин айтып жатышат, бирок ал түбөлүк эле ошондой болуп калбайт. Экинчи баскычта Бажы биримдигинин техникалык регламентине өтүү зарыл болот. Ушул өткөөл мезгилде маркетинг базасын жолго коюу, башкача айтканда кандай материалдан тигүү керек экенин аныктап алуу зарыл",- дейт Рахимов.

Бажы биримдигине киргенден кийинки окуянын өнүгүшүнүн бир нече варианттарын SBS CAнын директору белгилеп өттү.

"Биринчиден, Кыргызстанга тигүү өнөр жайын сатып ала турган ири оюнчулардын келиши ыктымал. Көбү өздөрүнүн жеке менчигинен ажырап жалданып иштеп калуусу ыктымал. Экинчи вариантта- көбүрөөк натыйжалуу менеджерлер келип өздөрүнүн өндүрүшүн уюштурат. Бул абдан идеалдуу жол. Үчүнчү жол бул толук талкалануу. Маркетинг, логистика, бренд менен иштебегендерди ушундай жол күтүшү ажеп эмес",- дейт адис.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223142

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.