Жантөрө Сатыбалдиев Москвадагы кыргыз диаспорасы менен жолукту

  24.04.13   16:41
 459

Премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Россия Федерациясына болгон иш сапарынын алкагында кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмү кабарлады.

Премьер-министрдин айтымында Россияда эмгектенип жаткандардын саны жыл санап өсүүдө. "Бул көрсөткүч дагы деле жогорулай берет. Ошондуктан кыргыз-россия мамлекет аралык комиссиясынын жыйынында, негизги маселе миграция жаатында кызматташуу тууралуу болду. Ошондой эле кыргызстандыктардын Россияга иштөөгө чыгып жаткандардын кетүүсүн уюштуруу боюнча иш күчөтүлөт", - деди Сатыбалдиев.

Премьер-министр өкмөт россия тарап менен мигранттардын жумушка орношуп жаткандагы медициналык тейлөөдө, пенсия которууда жана "жүк-200" жөнөтүүдөгү болгон кыйынчылыктарды чечүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жаткандыгы тууралуу айтты.

"Адистерди даярдоо россиялык талаптарга жооп бериши үчүн, Россия менен кеңири спектрдеги адистик боюнча атайын билим берүү программаларын иштеп чыгуу боюнча макулдашуулар бар", - деди премьер.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223143

 Комментарийлер:
#1 МАРАТ
2015-04-15 23:45:32 Цитата / 0 / -

эмне учун кыргызстан таможенный сойуз, ЭАЕСтин мучосу болсода кыргыздарды депортатсия кылып жатать же кыргыздарга санксия жарыялаганбы орусия.Анда ЭАЕСтин Креги не

#1 МАРАТ
2015-04-15 23:47:25 Цитата / 0 / -

Кара тизмеден кантип чыкса болот,

#1 МАРАТ
2015-04-16 00:01:05 Цитата / 0 / -

Же бизди тенсинбей жатышабы.Казакстан жана Беларуссия жарандары без проблем иштеп журушот,патенть сатенти жок эле? же кыргыздар орустарга каршы плошадта скакать этпеск же как Агресор катары эсептебесек,болгону балачака багалы деп тириликтин айынан иштеп журсок .калп келишимди тузуп кереги эмне анда

 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.