ЕРӨБ Кыргызстандагы энергияны үнөмдөөчү долбоорлорду каржылайт

  24.04.13   16:51
 316

Европанын өнүгүү жана реконструкция банкы (ЕРӨБ) Кыргызстанга жеке турак үйлөр жана менчик ишканалардагы энергияны үнөмдөөнү жакшыртыш үчүн 20 миллион доллар бөлүп берет. Насыя линиясы жаңы туруктуу энергияны каржылоо (KyrSEFF) программасынын алкагында ишке кирет.

Насыялар келерки төрт жылда шериктеш каржы мекемелери- жергиликтүү банктар жана чакан каржылоо мекемелери тарабынан сунушталмакчы.

"Кыргызстандын каржы мекемелери менен энергияны натыйжалуу пайдалануу жаатында иштешүү ЕРӨБдүн келечектүү тапшырмасы болуп саналат",- дейт ЕРӨБдүн Борбор Азия, Кавказ жана Монголия боюнча каржылоо мекемелеринин директору Майк Тейлор.

Турак үйлөрдүн ээлери, энергияны үнөмдөө жаатында тейлөө көрсөткөн компаниялар, уюмдар, үй куруучулар насыя ала алышат.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223144

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.