Кыргызстан дзюдо боюнча Азия чемпионатын өткөрүшү мүмкүн

  24.04.13   16:55
 254

Кыргызстандын дзюдо боюнча федерациясы 2015-жылы өспүрүмдөр жана жаштар арасында Азия чемпионатын өткөрүүгө билдирме жасады. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде, КРдин дзюдо боюнча федерациясынын генералдык катчысы Эмиль Рыскулов маалымат жыйында билдирди.

Анын айтымында, 18-апрелде Тайланддагы Азия чемпионатынын алкагында, жыл сайын өткөрүлүүчү Азия дзюдо союзунун конференциясы өттү. Анда кыргызстандык федерация да катышкан. "Биз Азия чемпионатын бизде, Бишкекте, өткөрүү боюнча билдирмебизди калтырып келдик", - деди Рыскулов.

Ал Кыргызстанда чоңдордун арасында Азия чемпионатын өткөрүүгө уруксаат берилбей тургандыгын баса белгиледи. Себеби, бизде тиешелүү спорт комплекстер жок. "Чемпионатты өткөрүүгө уруксаат берүүдөн мурун, бизге Азия кеңешинен атайын инспектор келип, мамлекеттин чемпионат өткөрүүгө канчалык деңгээлде жарактуу экенин текшерет", - деп Рыскулов кошумчалады.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223145

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.