Акыйкатчынын жылдык отчету Батукаевдин ишинен улам кийинкиге жылдырылды

  24.04.13   17:05
 292

Бүгүн, 24-апрелде, Жогорку Кеңештин жыйынында парламенттик көпчүлүк коалициясынын жетекчиси Феликс Кулов ("Ар-Намыс"фракциясы) акыйкатчынын 2012-жылдагы Кыргыз Республикасындагы жарандардын жана адамдардын укуктары менен эркиндиктеринин сакталышы жөнүндөгү баяндамасын кароону кийинкиге жылдырууну сунуштады. Бул тууралуу парламенттин басмасөз кызматы маалымдайт.

Бул сунуш Азиз Батукаевдин бошотулушунун мыйзамдуулугун караган убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шердин кайрылуусуна негизделген.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында Жогорку Кеңеш акыйкатчынын баяндамасын кароону депутаттык комиссиянын иши аяктаганга чейин жылдыруу сунушун колдоду.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223147

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.