Президент сегиз элчинин ишеним грамоталарын кабыл алды

  24.04.13   17:15
 240

Бүгүн, 24-апрелде, президент Алмазбек Атамбаев чет элдик сегиз мамлекеттин элчилеринен ишеним грамоталарын кабыл алды. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалымат саясат бөлүмү кабарлады.

Алар: Кыргызстандагы Кытай эл республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Ци Даюйдан, Бириккен Араб Эмираттарынын атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Моххаммеда Хареб Аль Мехайрибиден, Египет араб республикасынын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Набила Ибрахим Салама Фархандан, Испаниянын атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Мануэль Ларротча Парададан, Норвегия Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Оле Йохан Бернойдон, Нидерланддар Королдугунун атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Пейтер Ван Леувенден, Кувейт мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси С. Аль-Тувайкхтан жана Израиль мамлекетинин атайын жана ыйгарым укуктуу Элчиси Тасман Элияуд.

Президент элчилерди Кыргызстанда дипломатиялык ишинин расмий башталышы менен куттуктап, мамлекет алардын натыйжалуу жана жемиштүү ишмердигине кызыктар экендигин белгиледи.

"Сиздердин аркаңыздар менен өлкөлөр ортосундагы мамилелер кыйла натыйжалуу деңгээлге чыгат деп ойлойм. Кыргызстанда орун алган өзгөрүүлөр ортодогу мамилелер үчүн жаңы перспективаларды ачат. Айрым өлкөлөр Бишкекте элчилик ачууну болжолдоп жаткандыгын билем. Кыргызстан сиздер өкүлү болгон ар бир өлкө менен жакшы мамилени жогору баалайт",- деп баса белгиледи Алмазбек Атамбаев.

URL: http://www.vb.kg/kabarordo/223148

 Комментарийлер:
 

Биздин сайтта:
-сөгүнгөнгө
-бирөөнү мазактап, шылдыңдаганга, анын ичинде комментаторлордун дарегине
-ачык жана көмүскөдө коркутуп-үркүтүп, “сүйлөшкөнү чыккын” дегенге
-далилсиз жана күбөлөрдүн көрсөтмөсүз компроматтарды чыгарууга
-КРдын мыйзамдарына карама-каршы келген комментарийлирди жазууга
-транслитте жазылган комментарийлерди чыгарууга
-комментарийлерди чоң тамга менен баса белгилөөгө
-улут жана динге байланыштуу мазактоо, шылдың ирээтиндеги комментарийлерди жазууга болбойт.